Мамлекеттик тил күнү: АзМУда кыргыз тили жана маданияты даңазаланат

23-сентябрь, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Бул күн эне тилдин коомдогу ордун, анын улуттук маданият менен болгон ажырагыс байланышын дагы бир жолу эске салат.

АзМУда студенттердин кыргыз тилине жана адабиятына кызыгуусун арттыруу максатында кыргыз тили жана адабияты ийрими иш алып барат. Университетте Мамлекеттик тил күнүнө, Ак калпак күнүнө, Кыргыз адабиятынын күнүнө жана Нооруз майрамына арналган иш-чаралар да өткөрүлөт.
Бул иш-чараларда чет элдик студенттер кыргыз элдик жана эстрадалык ырларын аткарып, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү көркөм окушат, кыргыз тилинде сахналык көрүнүштөрдү тартуулашат. Мындай чыгармалар аркылуу студенттер кыргыз тилин колдонууга машыгып, элибиздин адабий жана маданий мурасы менен жакындан таанышышат.
АзМУ мамлекеттик тилге болгон урматты бекемдөөгө жана студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган иштерди улантат. Мамлекеттик тил күнү кут болсун!